Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Бостон чабуулун уюштурду делген киши колго түштү


Полиция билдиргендей, Бостон марафонундагы жардыруулар боюнча экинчи шектүү кылмышкер Жохар Царнаев азыр полициянын карамагында. 19 жаштагы Жохар Царнаев оор жарадар абалында Бостондун чет жакасындагы үйдүн короосундагы кайыктан табылды. Ата-энеси Кыргызстанда төрөлгөн улуту чечен Жохардын агасы Тамерлан бейшемби күнү полиция менен атышта окко учкан эле. Дүйшөмбүдөгү жардырууда үч кишинин өмүрү кыйылып, 176сы жараат алган.

Ага-ининин Кыргызстандагы жердештери "Азаттыкка" алар тууралуу жылуу ойлорун айтышты. Токмокто аларды тааныгандар билдиргендей, Тамерлан үлгүлүү окуучу болгон, балдардын ата-энеси жогорку билимдүү адамдар.

XS
SM
MD
LG