Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Кытайда жер титирөө бери дегенде 124 кишинин өмүрүн алды


Кытайдагы жер титирөөдөн кийин 124 кишинин сөөгү урандынын алдында калды. Күчү 6.6 баллга жеткен зилзалада Кытайдын түштүк-батышындагы Сичуан дубанында жараат алгандардын саны 2200гө жетти. Жергиликтүү тургун мындай деди:

Түз тура алган жокмун, жер титирөөнүн эпкини мени оңго, солго урду. Эки мүнөттөй созулду. Анан дагы эки жолу жер силкинди.

Жер титирөөнүн чордону Лушан ооданындагы Яан деген шаардын жанында болду. Аймакка 6 миңдей аскер куткаруу иштерине жөнөтүлүүдө. Сичуанда 2008-жылдагы 8 баллдык жер титирөөдө дээрлик 90 миң кишинин өмүрү кыйылган эле.

XS
SM
MD
LG