Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Индияда эселек кызды зордуктады деп шектелген киши кармалды


Баш калаа Нью-Делиде 5 жаштагы кызды кыйнап, зордуктады деп шектелген 22 жаштагы адам кайнатасы жашаган чыгыштагы Бихар штатына качып барган жеринен кармалды. Ал кызды дүйшөмбү күнү уурдап кетип, үч күн кыйнап зордуктаган деп айтылууда. Кыз шектүү кылмышкердин үйүнүн жанынан бейшембиде табылды.

Кыздын атасы полиция анын арызын албай, кийин «кызың аман болгонуна сүйүн» деп айтышканын билдирди. Дарыгерлер анын абалы оор экендигин айтышууда. Бул окуяга байланыштуу шаардык полициянын жана кыз жаткан оорукананын сыртында демонстранттар чогулуп, Нью-Делиде мыйзамдуулукту бекемдөөнү талап кылышты. Индиянын телеканалдары дагы жаңы демонстрациялар болоорун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG