Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Тажикстанда оппозиция лидерин сабап кетишти


Тажикстандын эң ири оппозициячыл партиясынын жетекчиси баш калаа Дүйшөмбүдө сабалды. "Ислам кайра жаралуу" партиясынын төрагасы Мухамадал Хаитке белгисиз адамдар жума күнү кечинде үйүнүн жанында кол салышкан. Кесиптеши Хикматулло Саидулло-Зоданын сөзү боюнча Хайыт орто жана оор жаракаттары менен ооруканага жеткирди.

Тажик парламентинде "Ислам кайра жаралуу" партиясынан башка бир да оппозициячыл партия жок. Өлкөдө президенттик шайлоо ушул күзгө пландалган. Ага өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келаткан 60 жаштагы Эмомали Рахмон кайра талапкер болот деп күтүлүүдө.

Коомдук турмушта исламдын таасирин күч алдырууну көздөгөн бул партия ноябрдагы ат салышка өз талапкерин көрсөтө элек.

XS
SM
MD
LG