59 жаштагы орус космонавты Павел Виноградов кечээ Жердин орбитасында турган Эл аралык Аалам бекетинин сыртындагы кемени оңдоо иштерине катышты. Ошону менен ал космосто басып жүргөн эң улуу жаштагы адам катары тарыхка кирди. Ачык космоско чыккан эң улуу киши буга чейин 1993-жылы 58 жашында НАСАнын космостогу телескобун оңдогон астронавт Стори Масгрейв болчу.