Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Жаш ишкерлер аймактарга инвестиция тартууну талкуулайт


23-апрелде Бишкекте жаш ишкерлер ассоциациясынын бизнес-форуму өтөт. Ага өлкө аймагынан келген жаш ишкерлер катышат. Форумда оор абалда турган өлкөдө бизнести өнүктүрүү маселелери талкууланаарын ассоциациянын аткаруучу директору Руслан Акматбек билдирди.

Ал жаш ишкерлер арасындагы негизги көйгөй катары өз ара мамиленин жокутугун атайт:

- Кандай иш-чара болбосун баары Бишкекте өтөт. Азыркы учурда негизги маселе - аймактагы бизнести өнүктүрүү, аймактардагы ишкерлер менен тыгыз иштөө. Чет жерден келген инвестиция эмес, жада калса өлкө ичиндеги инвесторлор деле каражатын борборго эле жумшашат. Ошону аймактарга сарпташыбыз керек.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын 60ка чукул компаниясынын иши, товарлары, кызматтары тууралуу көргөзмө да уюштурулат.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын 300дүн тегерегинде мүчөсү бар. (AKu)

XS
SM
MD
LG