Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

АКШ сириялык козголоңчуларга дагы жардам берет


Мамлекеттик катчы Жонн Кэрри Сириядагы оппозиция күчтөрүнө АКШ кошумча 123 миллион доллар берээрин бышыктады. Бул каражат бейаскер максаттарга жумшалышы шарт. Стамбулдагы жыйында Кэрри сириялык оппозиция өкүлдөрү менен жолуккандан кийин сүйлөдү. Мамкатчынын айтымында, Сириянын оппозициясы жана анын чет элдик колдоочулары мындан аркы жардам козголоңчулардын жогорку аскер командачылыгы аркылуу өтүшү керек деп кол алышты.

Сириянын башкы оппозициялык Улуттук коалициясы «терроризмдин бардык түрлөрүнө» караманча-каршы экендигин бышыктады жана жардамга келген курал туш келди таркап кетпейт деп сөз берди. Коалиция ошондой эле Сириядагы башка топтордон өч алуу аракеттерине жол берилбейт деп убада кылды. Бириккен улуттар уюмунун болжолунда, Сириядагы согушта 70 миңден ашык киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG