Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Индия: зордукталган эселек кыз оңолуп келатат


Дарыгерлер аёсуз зордукталган кыздын абалында «оңолуунун» белгилери бар экендигин жекшембиде билдиришти. Беш жаштагы кызды баш калаа Нью-Делиде 40 саат улам-улам кайра зордогон шектүү кылмышкер камакка алынган. Өлкөдө эки күндөн бери зордукчулукка каршы демонстрациялар өтүүдө. Демонстранттар башында кыздын атасынын арызын кабыл алуудан баш тарткан полиция бекетин пикеттешип, кыз жаткан оорукананын сыртында түнү менен шам жагып турушту.

Декабрда студент кызды алты киши мыкаачылык менен зордуктагандан кийинки нааразылык толкунунан соң өкмөт сексуалдык зордукчулукка каршы мыйзамдарды күч алдырган эле.

XS
SM
MD
LG