Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү май айында өтөт


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны тактоо боюнча делегациялары май айынын акырында Бишкекте жолугушат. Өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, азыр бул жолугушуунун күн тартиби түзүлүп жатат.

Эки өлкөнүн делегациясы жыл башындагы Сох-Чарбак жаңжалынан кийин алгач ирет март айында Ташкенде жолуккан. Анда 2013-жылы аткарыла турган иштердин планы түзүлгөн.

Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы бир жарым миң чакырымдай чек ара тилкесинин 300 чакырымдайы тактала элек. Чек ара боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр качан уланаары белгисиз. Учурда тажик делегациясы Москвадагы архивдик документтерди изилдеп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG