Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

Таласта кен иштетүүгө каршы митингге чыгышат


“Талас эл ынтымагы” кыймылы облустагы кендерди, өзгөчө Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы бүгүн нааразылык акциясын өткөргөнү жатат. Бул маалыматты уюмдун координатору Серен Шейшенов “Азаттыкка” тастыктады. Алар экология бузулаарын айтып, Кумтөр маселеси чечилмейинче, Жерүйдү иштетпей турууга чакырышууда.

Апрель айынын башында Жерүйдү иштетүүнү каалаган компаниялар үчүн сынак жарыяланган. Кумтөрдөн кийинки ири кендин алгачкы баасы 300 миллион доллар деп бекитилген. Жерүйдү иштетүү укугунан ажыраган казакстандык “Визор Холдинг” компаниясы кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко бергени кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG