Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Бишкекте жол кырсыктарына каршы флешмоб уюштурулат


Бүгүн Бишкек мэриясынын маңдайындагы Жаштар аллеясында жол кырсыктарын алдын алууга үндөгөн флешмоб уюштурулат. Анын демилгечиси “Кыргыз эл баатырлары” кыймылынын лидери Аманбол Бабакуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, акция маалында эки автоунааны атайын кагыштырышат. Аны видеого тартып алышып, тиешелүү органдарга жөнөтүшөт. Мындай акцияны уюштурууга Кыргызстанда жыл сайын миңге чукул адам жол кырсыктарынан каза болуп жатканы себеп болгон. Демилгечилер Бишкек көчөлөрүнө камера орнотууну да талап кылышмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG