Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Керри Эрдоганды Газага барбай турууга үндөдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркия менен Израилдин ортосундагы байланышты жакшыртуу үчүн түрк премьери Режеп Тайып Эрдоганды Газа тилкесине сапардан баш тартууга үндөдү. Керри жекшембиде Стамбулда сүйлөп жатып, Эрдоганды “ылайыктуу шартты” күтүүгө чакырганын айтты. Мындай билдирүү түрк премьери Палестинанын жаңжалдуу аймагына барам дегенден кийин жасалды.

Палестиналыктарды өзгөчө колдоп келген Эрдоган Израилдин эмбаргосун алууга жардамдашуу максатында бул айда Газа тилкесине барууну мерчемдеп жаткан. Бирок бул сапар Вашингтондун эскертүүсүнөн кийин кийинкиге жылдырылган. 2010-жылы Газа тилкесине чабуулда тогуз түрк жараны мерт болгондон кийин Түркия менен Израилдин ортосунда чыңалган мамиле сакталып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG