Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

ЖК комитети НАТО жүктөрүн Кыргызстан аркылуу алып өтүүнү колдоду


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Ооганстанда согуштук операцияларга катышкан коалициялык күчтөрдүн жүктөрүн Кыргызстан аркылуу алып өтүү тууралуу келишимди жактырды. Документ парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Буга чейин аны экономикалык жана фискалдык саясат комитети да колдогон болчу.

Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк 2011-жылдын ноябрына чейин Пакистан аркылуу келчү. Ноябрда коалициялык күчтөрдүн жаңылыш чабуулунан Ооганстан-Пакистан чек арасында пакистандык 24 аскер набыт болгондон кийин Исламабад ал жолду жаап салган. Ошондон кийин Түндүк Атлантика альянсы Ооганстандагы аскерий техникаларын жана башка жүктөрүн Борбор Азия аркылуу ташуу жөнүндө Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан менен келишимди иштеп чыккан.

Быйыл НАТО Ооганстандын коопсуздугун жергиликтүү аскерлерге тапшырып, 2014-жылдын аягында өлкөдөн жоокерлердин басымдуу бөлүгүн жана аскерий шаймандарын чыгарып кетиши керек. (EBM/BkA)

XS
SM
MD
LG