Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Батукаев боюнча комиссия жыйынында Токон Мамытов көрсөтмө берүүдө


Азиз Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйынында Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаев суроолорго жооп берип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссиянын мүчөсү, “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев маалымдады. Сапарбаев буга чейин Гематология борборунун айрым адистери Батукаевге коюлган диагноздон күмөн санап жатканын маалымдаган.

Нарын шаардык соту 9-апрелде Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн.

Өткөн аптада депутаттык комиссия бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Андан көп өтпөй эле вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырган. (EBM)

XS
SM
MD
LG