Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Оппозиция Батукаев боюнча көз карандысыз комиссия түздү


“Эл үнү” оппозициялык кыймылы Азиз Батукаев боюнча көз карандысыз коомдук-саясий комиссия түздү. Бул тууралуу кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, комиссияны укук коргоочу Рамазан Дырылдаев жетектейт жана курамына буга чейин күч органдарында иштеген, Жаза аткаруу кызматын жакшы билген адамдар кирди.

- Батукаев боюнча Болот Шер башында турган депутаттык комиссия бийликчил фракциялардан куралып калды. Биз Батукаев өлкөдөн бийликтин кийлигишүүсү менен чыгып кетти деп эсептейбиз, ошондуктан ал комиссияга жардам ирээтинде биз да көз карандысыз иликтөө жүргүзөбүз - дейт Бекназаров.

“Эл үнү” өз иликтөөсүнүн алдын ала жыйынтыгы менен 24-апрелде Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы нааразылык акция маалында тааныштырганы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG