Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Батукаевге коюлган диагнозду эксперттик топ текшерет


Азиз Батукаев боюнча депутаттык комиссия бүгүнкү жыйынында кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Батукаевге коюлган диагноздун чын-төгүнүн аныктоо үчүн экcперттик топ түздү. Комиссиянын мүчөсү, “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, эксперттик топко Гематология борборунун дарыгерлери, дарыгер депутат Ташболот Балтабаев жана башка адистер кирди. Буга чейин Гематология борборунун айрым адистери Батукаевге коюлган диагноздон күмөн санап жатканын билдирген эле.

Комиссиянын бүгүнкү жыйынында Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаев көрсөтмө берди. Анда негизинен кыргыз чек арасынан чыгарбоо, же чыгып баратканда атайын кызматтарга маалымдоо тизмесине эмне себептен Батукаевдин кирбей калганы, паспортту кандай жагдайда алганы тууралуу суроолор берилди. (EBM/BkA)

XS
SM
MD
LG