Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Камчы Көлбаевдин соту уланат


Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаевдин иши боюнча экинчи соттук териштирүү болот. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн күбөлөр көрсөтмө беришмекчи. Көлбаевге Кылмыш кодексинин "кылмыштуу топ түзгөн", "курал жана маңзат сактаган", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "адам уурдаган жана анын денесине залал келтирген" деген сыяктуу 10 беренеси боюнча айып тагылууда. 39 жаштагы Көлбаев өзүнө коюлган дооматтарды четке каккан.

2011-жылы жайында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында Дубай шаарында кармалганы кабарланган. Былтыр декабрда Камчы Көлбаев Кыргызстанга келип, андан бери УКМКнын тергөө абагында жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG