Акыйкатчы Турсунбек Акун «мыйзамдагы ууру» делген Азиз Батукаевдин дарты тууралуу аныктамадан күмөн санаарын билдирди. Ал мындай бүтүмгө Гематология борборунун 12 адисинин билдирүүсүнөн кийин келгенин “Азаттыкка” айтты. Аталган борбордун адистери Батукаевге коюлган “курч лейкоз” деген диагнозду четке кагып жатышканын депутаттык комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев кабарлаган.
“Гематологдор атайын кайрылып жатышат. Демек, буга гематологдор толугу менен катышкан эмес экен да. Коюлган диагноз күмөн жаратып жатпайбы. Андай күмөн жаратаарын билгенде “Батукаев чыксын” деп айтпайт элем”,-деди Акун.
Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, Чеченстанга учуп кетишин иликтеген депутаттык комиссия диагноз маселеси боюнча эксперттик топ түздү. Комиссия өз корутундусун май айынын ортосуна чейин чыгарууну көздөөдө. (KKs)