Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

Пан Ги Мун Сирияга курал берүүнү токтотууга үндөдү


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун араб өлкөлөрүн Сириядагы араздашкан тараптарга курал-жарак берүүнү токтотууга чакырды. Баш катчы мындай кайрылуусун дүйшөмбүдө Араб лигасынын башчысы Набил ал-Араби жана Катардын эмири Хамад бен Халифа ал-Тани менен уюмдун баш кеңсесиндеги жолугушуусунда жасады. Бирок ал-Араби азыр курал-жарактын агымын токтотуу мүмкүн эместигин билдирди. Ал Сирия өкмөтү “белгилүү тараптардан” курал алып жатканын, көтөрүлүшчүлөрдө да “тең салмактуулук” болушу зарылдыгын айтты. Орусия Иран жана “Хезболлах” уюму менен катар Сирия өкмөтүн курал-жарак менен жабдыган негизги өлкө деп сыпатталып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG