Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Канадада эки адам террорчу деп кармалды


Канадада жүргүнчүлөр поездинде теракт жасоону пландады делген эки киши кармалды. Чихеб Эссегайер жана Раед Ясир аттуу адамдар "ал-Каида" колдоого алган чабуулду жасоону мерчемдегенин, бирок алардын аракети түздөн-түз коркунуч жаратпаганын Канаданын атчандар полициясы кабарлады. Иликтөөнү Канаданын укук коргоо органдары, АКШнын коопсуздук департаменти жана Федералдык чалгын бюросу биргелешип жүргүзгөн. АКШнын юстиция департаментинин атын атагысы келбеген кызматкери Канадада кармалган адамдар менен Бостон жардырууларынын байланышы жоктугун билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG