Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Сот Навальныйдын өтүнүчүн четке какты


Орусиянын Киров облустук соту антикоррупциячыл блоггер Алексей Навальныйдын сотту кийинге которуу өтүнүчүн канааттандырбады. Навальный мындай өтүнүчүн анын ишине байланыштуу 28 томду адвокаттарынын окуп чыгуусу зарыл экени менен негиздеген. Соттун билдиришинче, адвокаттарда Навальныйдын иши менен таанышканга жетерлик убактылары болду. Өткөн шаршемби күнү башталган сот адвокаттардын жогорудагыдай өтүнүчү боюнча бир жума артка жылдырылган эле.

Навальный Киров облустук администрациясында иштегенде 510 миң долларга карагай уурдаган деп күнөөлөнүүдө. 36 жаштагы айыпкер өзү саясый жүйөөдөн улам соттолуп жатканын айткан. Алексей Навальный былтыр Владимир Путин үчүнчү жолу президент шайлангандан кийинки массалык чыгууларды уюштуруучулардын бири.

XS
SM
MD
LG