Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

2015-жылдан соң Орусияга ички паспорт менен кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинен билдиришти. Аталган департаменттин өкүлү Марлен Калиевдин айтымында, Орусиянын Миграция кызматы 2015-жылдан соң башка өлкөнүн жарандарына ички паспорт менен кирүүгө тыюу салуу боюнча демилге көтөрүп жатат.

22-апрелде Москвада өткөн Кыргызстан-Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов кыргыз жарандары Орусияга тышкы паспорт менен гана киргизүү тартиби каралып жатканын билдирген. Бельянинов бул тартип качантан тартып киргизилерин так айтпаганы менен, чет элдик жарандарды Орусияга тышкы паспорт менен киргизүү тартиби – мезгил талабы болуп жатканын белгилеп, бул маселе өз учурунда көтөрүлүп жатат деген пикирин айткан.

Эки тараптуу келишимдерге ылайык, кыргызстандык жарандар Орусияга ID паспорт менен кирүү укугуна 2007-жылдын 15-февралында ээ болушкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG