Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Москва Кыргызстандын Евразия бажы союзуна кошулуу аракетин колдойт


Бул жөнүндө премьер-министр Дмитрий Медведев Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен Москвада болгон кездешүүдөн кийинки маалымат жыйынында билдирди. Бирок Медведев Кыргызстан биримдикке кошулаардан мурда 64 документке кол койуусу шарт экенин эскерте кетти.

Декабрда экономика министри Темир Сариев Кыргызстандын 2014-жылы Бажы биримдигине кошулуу ниети бар экенин маалымдаган. 2011-жылы түзүлгөн Евразия бажы союзуна Беларус, Казакстан жана Орусия кирет.

Орус тараптын айтышынча, максат - Бажы биримдигин 2015-жылга Евробиримдик үлгүсүндөгү экономикалык союзга айлантуу. Украинанын премьер-министри Микола Азаров майдын аягында анын өлкөсү Бажы союзунун байкоочусу макамын алаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG