Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Расмуссен: НАТО-Орусия сүйлөшүүсүндө маанилүү жылыш жок


НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссендин маалымдашынча, НАТО - Орусия кеңешинин бүгүнкү “сүйлөшүүсү жандуу өттү”, бирок ракетадан коргонуу маселесинде оңдуу жылыштар болгон жок.

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин бүгүн Брюсселде өткөн жыйынына бешимден кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да кошулган. Түшкө чейин министрлер Сириядагы кырдаалды талкуулашкан. Расмуссендин билдиришинче, альянс бардык мүчөлөрүн, анын ичинде Түркияны коргоо милдеттенмесин кайра тастыктаган. Анын айтышынча, НАТОну Сирияда химиялык куралдар колдонушу ыктымал деген кабар аябай тынчсыздандырууда.

Саммиттен тыш убакта Лавров АКШ мамкатчысы Жон Керри менен жолугушту. Кездешүүдө тараптар Сириядагы кырдаалды талкуулашканы айтылууда. Керри жакында Жакынкы Чыгышта расмий визит менен болгон.

XS
SM
MD
LG