Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Бүгүн Бишкекте оппозициянын митинги өтөт


Бүгүнкү митингде “Эл үнү” оппозициялык кыймылы Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд” компаниясынын ортосундагы келишимди жокко чыгарууну талап кылат. Кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров митингге он миңдей адам катышаарын билдирген. Кечээ Талас жана Жалал-Абаддан ондогон автобустар митингге киши ташып келе жатканы кабарланды. Күч органдарындагы ишенимдүү булактардын айтымында, Жалал-Абаддан беш жүздөй киши 70тей автоунаа менен Бишкекке жөнөп кетишти. Бүгүнкү митингге “Бүтүн Кыргызстан” өңдүү оппозициялык партиялардын өкүлдөрү да катышаары күтүлүүдө.

“Эл үнү” кыймылы Кумтөр келишимин жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Буга чейин бул мыйзам долбоорун парламенттеги бир нече фракция карап, жактырган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG