Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Ооганстанда барымтада калган кыргыздан кабар жок


Ооганстанда талиптер барымтага алган кыргызстандык учкуч Нурлан Конушбековдон кабар келе элек. Улуттук коопсуздук комитетинен президенттин тапшырмасын алгандан кийин кыргыз жаранын бошотуу багытында иштеп башташканын кабарлашты. Тышкы иштер министрлиги болсо Ооганстандын расмий бийлиги, АКШ, Орусия, Түркия элчиликтери жана Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөрдүн командачылыгы менен байланышып, зарыл чараларды көрүүгө аракет кылып жатат. Министрликтин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков талиптер эч кандай шарт коё элек экенин билдирди.

22-апрелде он жүргүнчүсү бар тик учак эки пилоту менен кошо Ооганстандын чыгышындагы талиптер көзөмөлдөгөн аймакка аба ырайынын катаал шартынан улам аргасыз конгон. Талиптер барымтага алгандардын ичинде кыргыз жараны, 47 жаштагы пилот Нурлан Конушбеков жана анын орусиялык кесиптеши, түркиялык сегиз инженер, ооган котормочу бар экени кабарланууда. Ооган бийликтери туткундарды барымтадан бошотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG