Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий Москва АКШнын ракетадан коргонуу программасындагы өзгөрүүлөрдү изилдеп жатканын, бирок бул система Орусияга каршы колдонулбайт деген кепилдикке дале муктаж экенин билдирди. Шейшембиде Лавров НАТОнын тышкы иштер министрлери менен Брюсселде жолугушуп, АКШнын мамкатчысы Жон Керри менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен НАТО-Орусия кеңешинин “сүйлөшүүсү жандуу өттү”, бирок ракетадан коргонуу маселесинде оңдуу жылыштар болгон жок деди.
Ага чейин НАТОнун тышкы иштер министрлери Сириядагы кырдаалды талкуулашкан. Анда Расмуссен өнөктөштөр Сирияда химиялык курал колдонулуп жатат деген божомолдорго тынчсызданаарын билдирген. Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияда химиялык курал колдонулду деген ар бир билдирүү иликтениши керектигин айтып, мындай айыптоолор кезегинде четке кагылганын эскертти. (KKs)