Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Сириялык хакерлер “Ассошиэйтед-пресске” чабуул жасады


Хакерлер “Ассошиэйтед-пресс” маалымат агенттигинин “Твиттер” социалдык түйүнүндөгү аккаунтун бузуп, “Ак үйдө жардыруу болуп, президент Барак Обама жаракат алды” деген маалыматты таркатышты. Аталган агенттик “Твиттер” баракчасы чындап эле кибер чабуулга кабылганын тастыктап, жардыруу болду деген маалыматтар жалган экенин билдирди. Бул окуяга жоопкерчиликти “Сириянын электрондук армиясы” аттуу топ алды. Бул топ Сириянын президенти Башар ал-Асадды колдоору кабарланууда. Барак Обама жаракат алды деген маалымат чыккандан кийин баалуу кагаздар базарындагы индекстер дароо төмөндөй түштү. Индекстер Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни президент Барак Обаманын абалы жайында экенин билдиргенден кийин кайра көтөрүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG