Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

IA жана HRW: Орусия эл аралык милдеттенмелерин бузууда


Эл аралык мунапыс жана "Хьюман Райтс Уотч" уюмдары Владимир Путин 2012-жылы майда президенттикке кайра келгенден тарта Орусияда жарандык коомдор куугунтукталып, жеке адамдардын эркиндиги катуу чектелгенин сындашты. Адам укугун коргоочу эки уюм бүгүн чогуу жарыялаган билдирүүсүндө эл аралык коомчулукту Орусиядагы укук бузууларга көңүл бурганга чакырат.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Москвадагы бюросунун орун басар директору Таня Локшина “Азаттыкка” берген интервьюда: "Биз Орусиянын эл аралык өнөктөштөрүн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Орусияны эл аралык милдеттенмелерин бийликтер азыр бузуп жатканын жана мыйзамдарын өзгөртүү зарыл экенин эске салганга чакырабыз”,- деди.

Эл аралык мунапыс уюму өз докладында 2012-жылдын июнь айынан тарта жарандардын чогулуу укугу чектелгенине токтолот. "Хьюман Райтс Уотч" бейөкмөт уюмдардын кеңселерине жакында жасалган жортуул жана чет өлкөдөн каржылоо алган өкмөттүк эмес уюмдарды “чет элдик агент” деп каттоо жөнүндөгү мыйзам Орусиянын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келбегени көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG