Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Алматы: Оппозициячыл гезиттин биринчи саны камакка алынды


Казак бийликтери жаңы чыккан “Правдивая газетанын” бардык санын камакка алды. Гезиттин кызматкери Мадия Төрөбаеванын “Азаттыкка” айтышынча, Алматы мэриясынын ички саясат департаментинин кызматкерлери бүгүн эртең менен басылманын 1200 нускасын жыйнап кеткен.

Журналисттин айтышынча, департамент башчысынын чечиминде “гезит каттоодон өткөндө качан чыгаарын так көрсөткөн эмес” деп көрсөтүлөт. Гезиттин тунгуч санына оппозициянын табышмактуу жагдайда өлгөн лидери Заманбек Нуркадиловдун китебинен үзүндү, Казакстан компартиясынын төрагасынын интервьюсу жана башка курч материалдар басылган экен. Казак бийликтери декабрда ондогон оппозициячыл жана бейөкмөттүк басылмаларды “мазмуну экстремистчил” деп, тыйуу салган болчу.

XS
SM
MD
LG