Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:59

Бангладеште көп кабаттуу имарат кыйрап, 80ден ашуун адам апаат кетти


Бангладештин борбору Дакканын четинде сегиз кабат үй кыйрап, бери дегенде 82 киши апаат болду. Өлкөнүн ички иштер министри Мухиддин Хандын билдиришинче, мыйзамсыз курулган имаратта кийим тигүүчү бир нече ишкана жайгашып, аларда миңдеген жумушчулар иштечү.

Жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр жана аскерлер урандылар астында калган адамдарды куткаруу үчүн күрөшүүдө. Кээ бир күбөлөрдүн айтымында, имарат шейшемби күнү кечинде эми бузулганда адамдар шашылыш чыгарылып, бирок кийин жумушту токтотпоо үчүн күчтөп кайра киргизилген.

Бангладеш үчүн курулушта инженердик-техникалык талаптарды сактабоо кеңири жайылган көрүнүш болгондуктан, адам өмүрүн алган өндүрүштүк кырсыктар тез-тез кайталанып турат. Бангладеш кийим тигүү өнөр жайы боюнча дүйнөдөгү экинчи чоң өлкө жана кийим-кече Батыштын ири компанияларынын заказы менен тигилет.

XS
SM
MD
LG