Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Ооганстанда зилзаладан 12 адам набыт болду


Бүгүн Ооганстандын чыгышындагы Пакистанга чукул аймакта күчтүү жер тербетүү болду. Лагман провинциясынын борбору Мехтар Лам шаарынан 11 чакырымдай жердеги зилзаланын очогунда жер титирөөнүн күчү 5, 7 балга жеткенин АКШнын геология институту билдирди.

Ооганстандын Кызыл Крест уюмунун башчысы Нангялай Юсуфайдын “Азаттыкка” айтышынча, Нангархарда табигый кырсыктан 12 адам өлдү. Ооган бийликтеринин маалымдашынча, Нангархарда 100дөн ашуун адам жарадар болгон, ал эми Кунар провинциясында жүздөгөн тамдар кыйрап калган.

Ооганстандын байтакты Кабулда жана Пакистандын борбору Исламабадда жер катуу солкулдаган. Индиянын борбору Жаңы Делиде да жер титирөөнүн күчү сезилгени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG