Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ирак аскерлери сунни козголоңчулары менен кайра согушту


Бүгүн Багдаддын түндүгүндөгү Сулейман Бейк шаарчасында Ирактын коопсуздук күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда жаңы салгылашуулар болду. Куралдуу коогалаң шейшемби күнү аскерлер түндүктөгү Хавийа шаарчасындагы сунни нааразылык лагерине жасаган жортуулдан кийин башталып, анда кеминде 23 киши өлгөн.

Армиянын билдиришинче, аскерлер лагерге кирип кеткен куралчандарга жооп кайтарып, ок ачкан. Суннилердин ырасташынча, аскерлер ок аткан кезде алар куралсыз болушкан. Ирактык суннилер шииттер башындагы өкмөт азчылыктагы алардын коомуна улам кол салганын айтып, декабрдан бери бийликке каршы уюмдашууда.

XS
SM
MD
LG