Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

“Эл үнү” Бишкектеги митингге канааттанды


“Эл үнү” оппозициялык кыймылы кечээ Бишкекте өткөн митинг максатына жетти деп эсептейт. Бул тууралуу кыймылдын штаб башчысы Мамбетжунус Абылов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, митингге чыккандар Кумтөр маселесине парламенттин көңүлүн дагы бир жолу бура алды. Абылов жер-жерлерде түшүндүрүү иштери башталаарын, парламент Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голддун” ортосундагы келишимди жокко чыгарбаса, бийликке бойкот жарыяланаарын кошумчалады.

“Эл үнү” кыймылы митингге 10 миң адам чогулаарын кабарлаган. Уюштуруучулар кечээки митингге үч жарым миңдей киши келди десе, милиция алардын саны миңдей болгонун белгиледи. Парламент Кумтөр маселесин “Центерра Голд” менен сүйлөшүү үчүн өкмөткө берилген убакыт аяктагандан кийин карай турган болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG