Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Бишкекте грузиялык “мыйзамдагы уурунун” соту болот


Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда грузин тектүү “мыйзамдагы ууру” Илья Самсониянын иши боюнча соттук териштирүү башталат. Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кылмыш дүйнөсүнүн бул өкүлү Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жасалма паспорт алып жүргөн деп айыпталууда.

40-жаштагы Илья Самсония Грузиянын Махарадзе шаарында төрөлүп, грузин жараны болуп саналат. Аны өткөн жылдын ноябрь айында Орусия бийликтери жасалма кыргыз паспорту менен кармап, Кыргызстанга жиберген. Ага чейин Самсония үч жыл Архангельск облусунда абакта отуруп чыккан. Ал маң заттары менен соода кылды деп соттолгон жана түрмөдө Кыргызстандын жараны катары отурган. Анын кыргыз паспортундагы аты Илияс Алиев. (KKs)

XS
SM
MD
LG