Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Иракта Хавия окуясынан кийин дагы 18 киши набыт болду


Шаршембиде Ирактын Сулейман Бейк шаарында аскерлер менен суннит козголоңчуларынын кагылышында 18 адам мерт кетти. Расмий бийлик өлгөндөрдүн үчтөн бири аскер кызматкери экенин билдирди. Бул окуя өлкөнүн Хавия шаарында 23 адамдын өмүрүн алган атышуудан кийин орун алды. Атышуу шейшембиде аскерлер сунниттердин нааразылык лагерине чабуул жасаган учурда чыккан. Бул чабуул өлкөнүн башка аймактарында да сунниттердин нааразылыгын пайда кылып, жалпы 50 кишинин өлүмүнө себепчи болду. Ирактык сунниттер шииттер башындагы өкмөттүн кол салуусуна кабылып жатканын айтып, декабрдан бери бийликке нааразылык билдирип келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG