Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Чемпиондор лигасы: Левандовски Реалды чөгөлөттү


Чемпиондор лигасынын экинчи матчы Дортмундда жергиликтүү Боруссия менен атактуу Реал ортосунда өттү. Боруссиянын поляк тектүү оюнчусу Роберт Левандовски төрт гол киргизип, дүйнөдөгү эң атактуу саналган Мадриддин Реал командасынын үшүн алды. Кечээ дагы бир дүйнөлүк футбол гранды, Испаниянын Барселонасын Мүнхендин Бавариясы 4:0 менен жыккан эле. Ошентип, Англиянын да, Испаниянын да чемпионаттары көркөмдүгү жана чеберчилиги жагынан Германия Бундеслигасынан артта калды деген адистердин айтканы ырасталгандай болду.

Жооп таймаштары 30-апрелде Мадридде Реал – Боруссия, 1-майда Барселона – Бавария ортосунда болот. Финал 25-майда Лондондун "Уэмбли" стадионунда өтөт. (SJ)

XS
SM
MD
LG