Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Эсеп палатасы менен бирге Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарында билим берүү бөлүмүндөгү ири коррупциялык схеманы ашкереледи. УКМК тараткан маалыматка ылайык, аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери 2011-2013-жылдар аралыгында жалган маалымдамалар менен маяналардын ставкасын негизсиз жогорулаткан. Мунун айынан өлкө казынасына 11,6 миллион сом зыян келген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат. (EBM)