Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Кыргыз-тажик чек арасында жер силкинди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 24-апрель түнкү саат 11ден өткөндө кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди. Зилзаланын күчү 4-4,5 балл болуп, Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3, ал эми Нура айылында 2 балл сезилди. Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор болгон жок.

2008-жылы 5-октябрда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн Нура айылы тыптыйпыл кыйрап калган. Кырсык 75 адамдын өмүрүн алып кеткен, алардын кырктан ашыгы балдар болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG