Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСти куруу майда башталат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “РусГидро” ачык акционердик коомунун башчысы Евгений Дод менен жолукту. Анда тараптар Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу маселелерин талкуулады.

Евгений Дод орусиялык компания Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСтин биринчисин келерки айда кура баштарын айтты. Ушул жуманын башында Москвада өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында ГЭСтерди курууда каржылоо маселеси чечилгенин, бул долбоорду ишке ашырууда эч кандай тоскоолдук жоктугун кошумчалады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG