Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Грузиялык “мыйзамдагы уурунун” соту 30-апрелге жылды


Бишкекте Биринчи май райондук сотунда грузин тектүү “мыйзамдагы ууру” Илья Самсониянын иши боюнча процесс анын адвокаты келбей калганына байланыштуу эмки жумага калды. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жасалма паспорт алып жүргөн деп айыпталып жатат.

40 жаштагы Илья Самсония Грузиянын Махарадзе шаарында төрөлүп, грузин жараны болуп саналат. Аны өткөн жылдын ноябрь айында орус бийликтери жасалма кыргыз паспорту менен кармап, Кыргызстанга жиберген. Ага чейин Самсония үч жыл Архангельск облусунда абакта отуруп чыккан. Ал маңзат соодасы менен алектенген деп соттолгон жана түрмөдө Кыргызстандын жараны катары отурган. Анын кыргыз паспортундагы аты Илияс Алиев. (EBM)

XS
SM
MD
LG