Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Бангладеш: Фабриканын кыйроосунан өлгөндөрдүн саны 160тан ашты


Бангладештеги кийим тигүүчү фабриканын кыйроосунан өлгөн адамдардын саны 161ге жетти. Расмий бийликтер 8 кабат имараттын урандыларынын астында куткарылчу көптөгөн адамдар бар экенин эскертти.

Жергиликтүү "Daily Star" гезитинин жазышынча, 24-апрелде Дакканын четиндеги имарат кыйраган кезде, ал жерде 1 000дей адам иштеп жаткан. Бангладештин ички иштер министри мыйзамсыз курулган имаратта жайгашкан кийим тигүүчү бир нече ишканада миңден ашуун жумушчу иштегенин билдирген эле.

Куткаруу иштерин жетектеген генерал Мухаммед Шикдердин айтышынча, адистер азыр урандылардын астына кирүү үчүн кулаган бетон чатырды көзөп жатышат. Беш ай мурда эле бул фабрикада өрт чыгып, 112 жумушчу набыт болгон.

XS
SM
MD
LG