Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Казакстанда дагы бир аскер генералы камалды


Казакстандын аскер аба күчтөрүнүн орун басар командачысы Аскар Булдешев камакка алынды. Аба күчтөрүнүн командачысы, генерал Александр Сорокин бүгүнкү маалымат жыйынында генерал Булдешев үстүбүздөгү аптада Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынганын айтып, анын жүйөсүн билбесин жана орун басары акталып чыгат деген үмүтүн айтты.

“Булдешев учактардын тетик-жабдууларын наркынан кымбат сатып алганга байланыштуу камалганын” кечээ жергиликтүү маалымат булактар кабарлаган. Улуттук коопсуздук кызматы быйыл январда Казакстандын аскерий жабдуулар боюнча башкармалынын директору, генерал Алмаз Асеновду “пара алган” деп, камакка алган болчу.

XS
SM
MD
LG