Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Испанияда жумушсуздардын саны 6 миллиондон ашты


Улуттук статистика институтунун маалымдашынча, 2013-жылдын биринчи кварталында жумушсуздуктун деңгээли 27,16 процентке жеткен. Бул өткөн жылдагыдан 1,16 процентке жогору.

Испания экономикалык кубаты боюнча евромейкиндикте төртүнчү орунда турат. Өлкө экономикасы 2008-жылы кыймылсыз мүлк рыногундагы кризистен бери рецессиядан чыга албай жүрөт.

2007-жылы Испаниянын экономикасы күчүнө толуп турганда өлкөдө жумушсуздук 8 проценттен төмөн эле. Премьер-министр Мариано Райжой жума күнү улуттук экономиканы реформалоонун планын жарыя кылат.

XS
SM
MD
LG