Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Этностор аралык кеңеш түзүлдү


Бүгүн кыргыз өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттигинде Биримдик концепциясын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Анда аталган агенттиктин башчысы Накен Касиев өлкөдө жашаган ар кайсы улуттагы 25 адамдан турган Этностор аралык кеңеш түзүлгөнүн билдирди. Жалпысынан 1990-2010-жылдардагы улуттар аралык жаңжал кайталанбашы үчүн бардык чаралар көрүлөрүн белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча абал тууралуу соңку баяндамасында Кыргызстанда улут аралык жагдай дагы эле оор деп белгиленген. (EBM)

XS
SM
MD
LG