Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Конституциялык палатага талапкерлер парламентке жөнөтүлдү


Конституциялык палатанын судьялыгына ат салышкан соңку алты талапкерди президент Алмазбек Атамбаев жактырып, Жогорку Кеңешке жөнөттү. Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Шамарал Майчиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, парламент бул талапкерлерди эки жуманын ичинде карап чыгышы керек.

Конституциянын аткарылышын көзөмөлдөгөн палатаны куроо аракети 2011-жылы башталган. Жогорку Кеңеш соңку талапкерлердин баарын бекитсе, палата май айында толук куралып бүтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG