Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Жалал-Абадда Чернобыл кырсыгы эскерилди


Эскерүү жыйынына Чернобыл апаатынын 28 катышуучусуна жана ар түрдүү себептерден улам каза болгон 7 адамдын үй-бүлө, жакындарына Ардак Грамоталар менен кошо материалдык жардам тапшырылды. Алар үчүн атайын концерт тартууланды. Шаар башчынын орунбасары Таирбек Чойбеков бардык чернобылчыларга ыраазычылык билдирди.

1986-жылдын 26-апрелинде Украинанын Чернобыл өзөктүк кубат ишканасында жарылуу болуп, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келген. Булганган шаарды тазалоого Кыргызстандан бир нече миң адам тартылган. Учурда Жалал-Абад шаарында 53 чернобылчы бар. Ал эми эскерүүгө келбей калгандардын көпчүлүгү азыр Орусияда иштеп, жашап жүрүшкөнү белгилүү болду.(YA)

XS
SM
MD
LG