Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

ИИМ Батукаев тууралуу ал учуп кеткенден кийин гана билген


Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйынында ички иштер министринин оперативдүү иштер боюнча орун басары Фуркат Үсөнов көрсөтмө берди. Комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, анда Үсөнов милицияга Батукаев тууралуу ал Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин гана маалым болгонун айтты. Депутат ушундан улам ИИМди сынга алды.

Комиссия эртең да чогулат жана ага башкы прокурор Аида Салянова менен атайын прокурор Майрамбек Акматалиев чакырылды.

Депутаттык комиссия буга чейин Батукаевге коюлган диагнозду аныктоо үчүн эксперттик топ түзгөн.

9-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Өткөн аптада депутаттык комиссия бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Андан көп өтпөй эле вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG