Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Нью-Йорктун мэри: Царнаевдер Таймс скверди да жардырмак болушкан


Жохар Царнаев сурак учурунда айткандай, алар агасы экөө "Тайм скверди" да жардырууну каалашкан
Жохар Царнаев сурак учурунда айткандай, алар агасы экөө "Тайм скверди" да жардырууну каалашкан
Нью-Йорк шаарынын мэри Майкл Блумберг жакында Бостондогу марафондо жардырууну уюштурган деп шектелгендер калган бомбаларын Нью-Йорктогу Таймс скверде жардырабыз деп максат кылышкан деп билдирди. Бул жөнүндө кечээ мэр Блумберг Федералдык Чалгын Бюросунун (ФБРдин) адамдары менен сүйлөшкөндө укканын айтты.

Мэрдин айтымында, азыр ооруканада жаткан шектүүлөрдүн бири Жохар Царнаев Бостондогу иликтөөчүлөргө агасы Тамерлан экөө Таймс скверге кокусунан эле чабуул коюуну пландашканын кабарлаган. Нью-Йорктун полиция комиссары Рэймонд Келли айыпталган Царнаевдер Нью-Йорктогу жардырууда мүмкүн болушунча көбүрөөк курмандык болушун каалашканын, алар камдап койгон жардыргыч заттын көлөмү ошондой ойго түртөрүн айтты.

Царнаевдердин улуусу Массачусетс полициясы менен атышууда көз жумган. Бостон шаарындагы жылдык марафондо “дал ушул Царнаевдер уюштурган болушу мүмкүн” делип жаткан кош жардырууда кеминде үч киши курман болуп, 260дай адам жаракат алган эле. (TD)

XS
SM
MD
LG