Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:44

Орусия: ооруканадагы өрттөн өлгөндөрдүн саны 38 адамга жетти


Раменский айылындагы ооруканадагы өрттөн кийинки абал, 26-апрель, 2013
Раменский айылындагы ооруканадагы өрттөн кийинки абал, 26-апрель, 2013
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарына караганда, Москванын четиндеги психиатриялык ооруканалардын биринде чыккан өрттөн өлгөндөрдүн экөө - ушул ооруканада иштеген кызматкерлер. “Интерфакс” маалымат агенттиги жазгандай, Дмитровский районундагы №14 ооруканадагы элдин өрт чыккан маалда ойгонбой, өздөрүн куткарууга аракет кылбай калышына жатаар маалда ичкен дары себепкер болушу мүмкүн.

Министрлик бүгүн эртерээк 12 адамдын жасатын тапканын билдирген, кийинчерээк бул маалыматты өзгөртүп, тогуз адамдын күйгөн денеси табылганын айтты. Өрттүн себеби азырынча аныктала элек.

Өлкөнүн тергөө комитетинин расмий өкүлү Ирина Гуменнаянын айтымында, трагедияны иликтөө улантылып жатканын айтты.

"Азыр тергөө ишинде бир топ версиялар каралып жатат. Эң эле ишенимдүүрөөгү катары “отту этият колдонбогондуктан чыккан болушу мүмкүн же электр энергиясынан чыкса керек” деген божомол айтылууда. Азыр акыркы маалыматка ылайык, өрт оорукананын корпустарынын бириндеги палатадан чыккан деп жатабыз", - деди Гуменная.

Москва облусу боюнча ишемби аза күтүү күнү деп жарыяланды. (TD)

XS
SM
MD
LG